Наушник керең кылабы?
Likes: 241
Reports:0
12541
Ооба урматтуу катталуучулар, эгер адам наушниктерди туура эмес колдонсо? угуу процесси начарлап? керең болуп калуу коркунучу да бар.
Эгер туура колдонсоңуздар, анда алар сиздин кулагыңызга эч кандай зыяндуулук келтире албайт.
Кантип туура колдоном?
1. Наушник аркылуу эмне гана укпаңыз 50% ашык кылбай угуңуз;
2. Сиз угуп жаткан нерсени жаныңыздагы адамдар укпаш керек, эгер алар да угуп жатса анда керең болууга ыктымалдуулук көбөйөт;
3. Наушникти эч качан 60 мүнөттөн ашыкча колдонбоңуз;
4. Наушники угуп жатканда ар бир 20 мүнөт сайын кулакты 5 мүнөткө эс алдырып туруңуз;
5. Наушник тандоодо шумду жок кылуучу касиети бар наушниктерди тандаганга аракет кылыңыз. Анткени, андай наушниктер менен үндү чоңойтууга эч кандай муктаждык жаралбайт. Бирок, айлана-чөйрөгө өзгөчө маани берүү талап кылынат.
Кандай болсо да күнү-түнү наушникте жүрбөй, муктаждык жаралганда гана колдонууга аракет кылыңыз.