Кош бол, аллергия!
Likes: 128
Reports:0
7430
Менин катталуучуларымдын арасынан аллергия менен ооругандар өтө көп. Ошондуктан бул темада сөз кылбасам болбой калды.
Аллергия - бул организмдин коргонуу процесси. Организм сырткы жана ички душмандан аллергия болуу менен коргонот. Ошондуктан аллергия болсоңуздар аны жек көрбөй, тескерисинче, достошуп, өзүңөрдүн пайдаңар үчүн иштетишиңер керек.
Алдын ала эскертип кетчү нерсе, аллергияны толук жок кылуучу укмуш дары азырынча чыга элек, ошондуктан аны издеп кыйналбай эле коюңуздар. Тескерисинче, организмдин функциясын иштетүүгө аракет кылыңыздар.
- Доктор, аллергия эмне себептен пайда болот?
Сиздин иммунитет системаңыздын өтө активдүү иштеп кетүүсүнөн пайда болот. Бул патологиялык процессти төмөнкү себептер чакырат:
- генетикалык себептер: мындайча айтканда, сизде СD - 14, ИЛ-4, ИЛ-13 аттуу заттар генетикалык жактан көп;
- сиздин организмде жашаган микробиота се...