Гипертензия деген диагноз кандай учурда коюлат?
Likes: 70
Reports:0
5286
Кан басымы - ар дайым өзгөрүп туруучу динамикалык көргөзгүч. Адамдын кыймылына жараша жогорулайт же төмөндөйт.

Мисалы, адам чуркап же тез басып физикалык жактан күч кетирсе да кан басымы 150/ 90 мм.рт.ст болушу мүмкүн. А биз бул абалды гипертензия деп атайбызбы? Албетте жок, себеби бул абал ар бир адамда кездешүүчү физиологиялык процесс.

Гипертензия деген эмне?
Бул ооруну биздин элде "давления" деп коюшат. Медициналык сөз менен айта турган болсом, гипертензия - адам тынч абалда отурган учурда кан басымынын деңгээлинин 140/90 мм.рт.ст жогору болуусу. Баса белгилеп айтчу нерсе, адам тынч абалда отурганда эле кан басымы жогорку абалда...