Чач эмнеге агарат?
Likes: 165
Reports:0
7869
Негизи адам баласынын чачынын түсү ак болот, бирок чач фолликулаларында жайгашкан меланоциттерден бөлүнүп чыккан меланин аттуу пигменттин таасиринин астында чачыбыз ар түрдүү түскө келет.
Качан адам картайып баштаганда меланиндерди бөлүнүп чыгуусу жайлап, жыйынтыгында чачтын агаруусу келип чыгат. Бул абал нормалдуу түрдөгү физиологиялык процесс.
Бирок кээ бир жаш балдарда, өспүрүмдөрдө чачтын агаруу процесси өтө тездеп, аларга ыңгайсыздык алып келет. Бул көрүнүш - патологиялык процесс болуп эсептелет.
Чачтын тез агаруусун чакырган себептерге:
- Генетикалык фактор;
- Стресс;
- Иммунитеттин начарлоосу;
- Организмге темирдин жетишсиздиги;
- Организмге жездин жетишсиздиги;
- Организмге фолиевая кислотанын жана В12 витамининин жетишсиздиги;
- Гипотиреоз оорусу кирет.
Эгер жогоруда айтылган микроэлементтердин, витаминдердин баары нормада болуп, бирок ага карабай чачыңыз агарып жатса, анда генетикалык жактан болушу мүмкүн. Мындай учурда...