Аялдын жылаңач денеси психиканы бузабы?
Likes: 263
Reports:0
15075
Акыркы учурларда "кандай себептер менен элге жылаңач денеми көргөзсөм экен?" деген аялдар көбөйүп бара жатат. Кыргыз кыздарынын ичинде да мындай абал күчөп кетти.
Ачынып жүрүүнү азыркы кыздар эрдик, коркууну жеңүү, уят болот деген стереотипти жеңүү, адамдардын алдында өзүңдүн табигый сулуу денеңди коркпой көрсөтүү деп ойлоп жатышат.
Мен ошондой кыздарга динди да, салтты да аралаштырбай төмөнкү клиникалык изилдөө менен доктор катары жооп бергим келип жатат.
Американын психологиялык ассоциациясы өткөргөн клиникалык изилдөөдө окмуштуулар денесин ачып, сексуалдык өңүттө сүрөткө түшкөн кыздарды мындайча атады: "Жылаңач денесин көргөзгөн аял адам баласына тиешелүү бардык баалуу сапаттардан арылып, "мен секс үчүн гана жаралгам, мен эркектердин кумарын кандыруу үчүн гана жаралгам" деп өзүн ошондой өңүттө жарыялап калат. Өз денесин ачып жүргөн аял депрессиянын оор түрү менен жабыркап, эмоционалдык жабыркоого туш болуп, логикалык ойлонуусу начарлап, РПП ооруларына дуушар болот."
...